Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерседен капарсыз, бардыгы ойдогудай, муктаждыгы жок, жетиштүү, кемчил эмес. Жаңы колуктулуу күйөө кымылдап, көңүлү ток (Осмоналиев). Ага атасына ишенгенсип жаш балача ишенип, көңүлү ток (Абдукаимов). В.: Көөнү ток. Көрүп койсом көөнүм ток дегендей, ушул жалгыз чүрпөнүн көзүн карап кубаттанып жүрбөйсүзбү («Кыргызстан маданияты»).